Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Кожентте психиатриялык ооруканадагы 50дөй бейтапка коронавирус жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Тажикстандын Согди облусуна караштуу Кожент шаарындагы дарылоочу жайга барып келишкен, атын атагысы келбеген тургундар «Азаттыктын» тажик кызматына билдиришти. Алар далил катары оорукананын эки дарыгери менен сүйлөшүүлөрүнүн аудио жазуусун беришти. Анда дарыгерлер психиатриялык ооруканада кимдер вирус жугузуп алганын санап беришкен.

«Согда» аттуу бул оорукананын жетекчилиги мекемеде «бейтаптардын коронавируска чалдыкканы ырастала элек» экенин билдирип, толук маалымат берүүдөн баш тартты.

3-июндун кечиндеги маалыматка ылайык, Тажикстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар 4200 кишиге чукулдады. 48 адам илдеттен кайтыш болду.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталып, алардын жалпы саны 1899 адамга жетти. Казакстанда COVID-19га чалдыккандар 12 миңден ашса, Өзбекстанда 3900 адамга чамалады.

XS
SM
MD
LG