Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Норилскидеги заводдо болгон авариянын айынан дарыяга мунай төгүлдү


Норилскиде төгүлгөн мунай.
Норилскиде төгүлгөн мунай.

Орусиянын Норилск аймагындагы заводдо авария болуп, дарыяга ири өлчөмдө мунай төгүлүп кетти. Жергиликтүү бийлик бул тууралуу социалдык тармактардан билген. Бул жөнүндө Красноярск аймагынын губернатору Александр Ус орус президенти Владимир Путинге видео байланыш аркылуу билдирди.

Авария болгон цехтин жетекчиси кармалганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Окуяга байланыштуу бир нече беренелер боюнча кылмыш иши ачылды.

Росприродонадзор билдиргендей, Норилскинин суу обьектилериндеги зыяндуу затттардын концентрациясы нормадан он миң эсе көтөрүлүп кеткен. Мекеме сууга 15 миң тоннадай күйүүчү май кошулуп кеткенин маалымдады. Ал эми жерге алты миңге жакын тоннадай мунай зат сиңген.

Маалыматтарга караганда, ушул тапта Амбарный жана Далдыкан дарыяларынан дизел майын сордуруп алуу уланып жатат.

Эл аралык «Greenpeace» уюму окуяны Арктика аймагындагы эң ири авария катары мүнөздөдү. Уюм ошондой эле бийликти табиятты коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алууга чакырып, антпесе табиятка бүлүк салгандар жазасыз калып жатканын түшүндүрдү.

«Норилск-Таймыр» энергетикалык компаниясы Владимир Потанин жетектеген «Норилск никель» холдингине карайт. «Forbes» журналынын версиясына ылайык ал Орусиянын эң бай адамдарынын катарына кирет. Пандемия убагында анын байлыгы 19,7 миллиард доллардан 26,1 миллиардга чейин арбыды.

XS
SM
MD
LG