Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр 20-июнга белгиленди


1-июндагы жолугушуу. Баткен облусу. 2020-жыл.
1-июндагы жолугушуу. Баткен облусу. 2020-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки мамлекеттин өкмөттүк комиссияларынын кийинки жолугушуусу 20-июнга белгиленди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин 4-июндагы сессиясында кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак тууралуу маалымат берип жатып билдирди:

«Париттеттик негизде бул жолку отурум Өзбекстанда болот. Ага макулдугун беришти. Алар даярдык көрүшөт. Биздин комиссия даяр турат».

Боронов парламентте хронологиялык негизде гана маалымат берип, калганын жабык талкуулоону сунуш кылган. Аны депутаттар колдоп, азыр жыйын жабык уланып жатат.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлады.

1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушкан.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну макулдашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG