Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:52

Обама соңку окуяларды расизмден кутулуу мүмкүнчүлүгү катары баалады


Барак Обама.
Барак Обама.

Кошмо Штаттардын мурдагы президент Барак Обама ынды кара жаран Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциялары тууралуу пикирин билдирди. Ал азыркы окуяларды АКШдагы эң терең өзгөрүүлөрдүн башаты катары мүнөздөдү жана айрыкча жаштарды бул учурду колдон чыгарбоого чакырды:

«Өтө көп учурда зордук-зомбулукту силерге кызмат кыла турган, коргой турган адамдар кылат. Силер, силердин жашооңор, кыялыңар өтө маанилүү».

Ал арада Флойдду тизеси менен ныгыра басып муунткан мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовинге киши өлтүрүү боюнча айып коюлду. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Шовин буга чейин «адамды кокусунан өлтүрүп алган» деп күнөөлөнүп жаткан.

Миннесота штатынын башкы прокурору Кит Эллисон Флойдду кармоо учурунда ошол жерде жүргөн башка полиция кызматкерлерине киши өлтүрүүгө шыкактоо жана көмөктөшүү боюнча айып коюлуп жатканын маалымдады.

Шаршемби күнкү калайман нааразылык акциялары мурунку күндөргө караганда тынчыраак өттү.

АКШда нааразылык акциялары Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмүнүн айынан башталган. Көчөгө чыккандарды Жорж Флойдду дем ала албай жатканына карабай, мойнун ныгыра басып муунткан полиция кызматкеринин аракети тартылган видео тасма жаалданткан.

XS
SM
MD
LG