Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Акыйкатчы: Блогер Сыдымановдун иши көзөмөлдө


Элмирбек Сыдыманов.
Элмирбек Сыдыманов.

Акыйкатчы Токон Мамытов блогер Элмирбек Сыдымановдун ишин жеке көзөмөлүндө кармап турат. Бул тууралуу 4-июнда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта блогер камакка алынары менен акыйкатчы бул ишти өз көзөмөлүнө алганы, анын адвокаты жана апасы менен жолугушуулар болгону, сот ишине да мониторинг жүргүзүлөрү айтылды:

«Акыйкатчынын өкүлү Сыдымановдун процессуалдык укуктары бузулбашы үчүн сот отурумуна мониторинг жүргүзөт».

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Кийинки отурум 5-июнда болот.

Сыдымановдун апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG