Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Петрушевский шаардык соттун чечими боюнча Жогорку сотко кайрылат


Алексей Петрушевский. Архивдик сүрөт.
Алексей Петрушевский. Архивдик сүрөт.

Бишкек мэриясына караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевский шаардык соттун чечимине даттанып, Жогорку сотко арыз менен кайрылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын жактоочусу Елена Гаврилова билдирди.

Петрушевский кызматынан 2019-жылдын март айында бошотулган. Мындай чечимди ал жетектеген борбордун негиздөөчүсү - Бишкек шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы кабыл алган.

Жумуштан алынышына макул болбогон Петрушевский Свердлов райондук сотуна кайрылган. Бул сот 2019-жылдын 14-июнунда анын иштен алынышын мыйзамсыз деп тапкан.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы мындай чечимге макул болбой, шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Сот жүрүп жатканда борборду жоюу аракети башталганы маалым болуп, Петрушевскийдин адвокаты башкармалыктын мындай демилгесин токтотуу тууралуу шаардык сотко өтүнүч келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып койгон.

Адвокат Елена Гаврилова: «Бул чечимдин мыйзамдуулугун текшериш үчүн кассациялык даттануу Жогорку сотко жөнөтүлүшү керек болчу, бирок шаардык сот аны күтпөй эле ишти карап, чечим чыгарып койду», деп «Азаттыкка» билдирди.

Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордун тегерегинде чуу бир жыл мурда башталган. Азыр ал жай иштебей турат. Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнчү. (RK)

XS
SM
MD
LG