Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

Илимий изилдөөнүн усулдук негиздерин үйрөткөн вебинар өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңыдан түзүлүп иштей баштаган «Онлайн университет» платформасы илимий изилдөө жүргүзүүнү каалаган окумуштууларга усулдук жактан жардам бермек болду. Бүгүн 5-июнда анын изилдөө лабораториясында «Изилдөөнүн усулдук пайдубалын түзүү» деген темада маек-вебинар уюштурулат.

Иш-чарада изилдөө жүргүзүүгө даярдык көрүү, сапаттык усулдар жана аларды темага ылайыктап колдоно билүү деген багыттар боюнча талкуу жүрөт. Суроолорго Германиянын Гёте университетинин Антропология факультетинин окутуучусу жана изилдөөчүсү Бактыгүл Тулебаева жооп берет. Ал өзүнүн докторлук ишин жазууда колдонгон изилдөө усулдары жөнүндө баяндап, университетте студенттерди талаа шартында изилдөө жүргүзүүгө кантип даярдаганы тууралуу айтып берет.

Тулебаева 2017-жылы Гёте университетинде Кыргызстандагы балдар маселелерин изилдөөгө алган докторлук ишин ийгиликтүү жактаган. Коомдук антропологияда магистратура даражасын 2009-жылы Улуу Британиядагы Эдинбург университетинен алган. Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат. (RK)

XS
SM
MD
LG