Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

22-июндан тартып Стамбул-Бишкек аба каттамы ачылары кабарланды

Стамбул аэропорту.
Стамбул аэропорту.

Бул тууралуу Түркиянын транспорт министри Адил Караисмаилоглу маалымат таратты. Анда 10-июндан тартып Түркиядан 40 өлкөгө аба каттамдары ачылары жазылган. Ал эми Стамбулдан Кыргызстан, Албания, Дания, Норвегия жана башка өлкөлөргө рейстер 22-июнда ачылары маалымдалды.

27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтоткон. Ал эми 1-июндан баштап өлкөдө карантин чектөөлөрдүн айрымдары алынган.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядан миңден ашык кыргызстандык 24-мартта, 17-апрелде, 24-апрелде жана 15-майда атайын уюштурулган чартердик каттам менен Бишкекке кайткан.

Түркияда расмий түрдө өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. (ElB)

XS
SM
MD
LG