Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

АКШда Жорж Флойдду эскерүү өтүп жатат


Миннеаполис шаарынын мэри Жейкоб Фрей Флойдду эскерүү иш-чарасында. 4-июнь, 2020-жыл.
Миннеаполис шаарынын мэри Жейкоб Фрей Флойдду эскерүү иш-чарасында. 4-июнь, 2020-жыл.

Бейшембиде Миннеаполис шаарында афроамерикалык Жорж Флойд эскерилди. Эскерүүнүн башында адам укуктары үчүн күрөшүп келген пастор Ал Шарптон болду. Иш-чарага катышкандардын ичинде дагы бир пастор, укук коргоочу Жесси Жексон, сенатор-демократ Эми Клобушар, Конгресстин мүчөлөрү, актерлор жана музыканттар болду.

Жорж Флойдду эскерүү ал өлгөн Миннесота штатында, Флойд туулган Түндүк Каролинада жана өмүрүнүн көп бөлүгүн өткөргөн Техастагы Хьюстон шаарында өтөт. Жорж Флойд 9-июнда Хьюстондо жерге берилет.

Жорж Флойдду эскерүү Нью-Йорк, Вашингтон баштаган көптөгөн шаарларда болду.

Шаршембидеги жана бейшембидеги нааразылык акциялары тынч өттү.

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр жүздөн ашуун полиция кызматкери массалык башаламандык учурларында жаракат алганын кабарлады.

АКШда ынды кара Жорж Флойддун полиция кармагандан кийинки өлүмү жалпы өлкөдө расалык теңсиздикке каршы массалык нааразылык толкундарын жараткан. Айрым аймактарда ал башаламандыкка айланып, машинелер өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Полиция Вашингтон баштаган 40 шаарда коменданттык саат киргизген.

XS
SM
MD
LG