Караколдо Орусия жарандыгы бар кыргыз үй-бүлөдөн коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, бир үй-бүлөдөгү коронавирус аныкталган 86, 43 жана 12 жаштагы үч тургун обсервацияга алынды. 5-июнга караган түнү алардын биринин эти ысып, аймактык дарыгерге кайрылган.
Бул үй-бүлө жашаган көп кабат үй да карантинге алынарын «Азаттыкка» Каракол мэриясынын кызматкерлери кабарлашты.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ооруга чалдыккан үй-бүлө Кыргызстанга Орусиядан бир жыл мурда келген. Акыркы айларда Каракол шаарынан сырткары чыккан эмес. Орозо айт күнү Оштон келген конокту тосуп, Ак-Суунун тоолорун көрсөтүп келишкен.
Соңку эки жумалык тыныгуудан кийин бул аймакта коронавирус 4-июнда бир, 5-июнда үч кишиден табылды.
Ушуну менен Ысык-Көл облусунда жалпысынан 18 кишиден бул илдет табылды.
Кыргызстанда 18-марттан 5-июнга чейин коронавирус 1936 адамдан табылды, алардын ичинен 22 бейтап кайтыш болду, 1340 бейтап айыкты. (KS)