Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Чек ара кызматы: Мамлекеттик чек ара тилкелеринин баарында абал туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-июнга карата Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелеринин баарында абал тынч. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеме тараткан расмий маалыматта айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында «чек арада тополоң жана кагылышуу жүрүүдө» деп жарыяланып жаткан кабарлар калп экени айтылды.

«Ал видеолор 2020-жылы 31-майда кыргыз-өзбек чек арасында тартылган», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазды. (RK)

XS
SM
MD
LG