Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот аягына чыгып калды


Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.
Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Уландын өлүмү боюнча сот аяктап калды. 5-июнда маркумдун тууганы Чынар Турдалиева «Азаттык» радиосуна билдиргендей, жарыш сөз бүтүп, прокуратура эки соттолуучуну өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну соттон суранды.

Эми соттолуучулардын өзүлөрүнө акыркы сөз берилгенден кийин өкүм чыгат. Кийинки отурум 3-июлга белгиленди.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектүү болуп жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, 2019-жылы май айында Бишкекке жеткирилген. Насруллаев Москвада кармалган. Ал Кыргызстанга өткөрүлүп бериле элек. (RK)

XS
SM
MD
LG