Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Тажик мектептеринде бүтүрүү экзамендери болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда пандемиядан улам орто мектептерде быйыл 9- жана 11-класстар үчүн бүтүрүү экзамендери болбойт. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирди. Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына аттестаттар чейректерде алган бааларынын негизинде берилет.

Билим берүү жана илим минстрлигинин басма сөз өкүлү Суннатулло Имомов мектепти алтын же күмүш медаль менен бүтүрүүнү каалагандар үчүн эреже-шарт мурдагыдай эле каларын билдирди. Тажикстанда мектепти артыкчылык менен аяктагандарга жогорку окуу жайларына өтүүдө бир катар жеңилдиктер каралган.

Тажик өкмөтү эки ай мурун карантинге байланыштуу мектептер жабылгандан кийин аралыктан окутуу болбой турганын айткан жана 16-августка чейин каникул жарыяланган.

Быйыл тажик мектептеринде 11-классты 123 миң, ал эми 9-классты 162 миң окуучу аяктайт.

Расмий маалымат боюнча, Тажикстанда коронавирус жуккандар 4300га чукулдады, илдеттен 48 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG