Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Ош -Тамчы аба каттамы 15-июндан кийин ишке киришет


Ош-Тамчы каттамындагы учак «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда. 28-июнь, 2019-жыл
Ош-Тамчы каттамындагы учак «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда. 28-июнь, 2019-жыл

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев 5-июндагы брифингде туристтик сезонго даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Ош-Тамчы аба каттамын 15-июндан тарта жандантуу тууралуу план бар.

Осмоналиев Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери эпидемиологиялык кырдаалга жараша 25-июндан тарта эс алуучуларды кабыл ала башташы мүмкүн экенин кошумчалады.

"Адатта балдар лагерлери 15-июндан тартып иштечү. Быйыл 25инен кийин кабыл алууну пландаштырып жатабыз. Эгер эпидемиологиялык абал начарлап кетпесе, балдарды 25-июндан кийин кабыл ала берсе болот».

Акылбек Осмоналиевдин маалыматына караганда, 1-июндан тартып облуска кирүү тартиби өзгөрдү. Мурда бардык келген-кеткендер өткөрмө пунктунан текшерилип, каттоого алынса, азыр бул эреже чет өлкөлүктөр менен Кыргызстандын эпидемиологиялык абал туруксуз болгон аймактарынын жашоочуларына гана тиешелүү болот.

Алынган бардык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

Ош-Тамчы аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда, июнь-сентябрь айларында каттайт. Былтыр каттам 28-июндан тарта ишке киришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG