Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Оштон Көлгө жеткирген каттам


Ош-Тамчы каттамындагы учак «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда. 28-июнь, 2019-жыл.
Ош-Тамчы каттамындагы учак «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда. 28-июнь, 2019-жыл.

Жайкы туристтик сезонго карата Ош аба майданынан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттам кайра жанданды.

Жыл сайын жайкы эс алуу маалында убактылуу иштеген каттамга быйыл билет баасы жылдагыдан кымбат деген нааразылыктар азыртадан эле башталды.

Оштон Ысык-Көлгө 40 мүнөттө

Көл жээгинде жайгашкан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 28-июнда Ош аба майданынан быйылкы жылдын эсебинен алгачкы учак конуп, 88 адамды Оштон Ысык-Көлгө 40 мүнөттө жеткирди. Ушул эле күнү элүү адам Ошко учуп кетти. «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова маалымдагандай, Ош-Тамчы каттамында учак жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учат.

Кыргызстандын түштүк аймагынан Ысык-Көлгө унаа менен жетүү үчүн кеминде 15 саат кетет. Ушундан улам айрым жүргүнчүлөр Ош-Тамчы аба каттамынын жандануусун чыдамсыздык менен күтүшкөнүн айтышты.

Гүлайым Орозбаева, Кара-Суу районунун тургуну: Оштон Ысык-Көлгө барып эс алып келүү үчүн биз бир сутка жол жүрчүбүз. Эми минтип 45 мүнөттө эле жетип каласыңар деп, балдарым бизге билет алып беришти. Билеттин баасын 2500 сом дешти окшойт, чынында билбейм канча экенин.

Аркабай Боркобаев: Мен Кадамжайдан келдим. Оштон көлгө чейинки аралыкты жакшы билесиңер. Өзгөчө мен сыяктуу кары-картаңдарга узак жол жүрүү оор. Эс алып, дарыланып келгени барып, тескерисинче узак жолдо кыйналып барып, кыйналып келебиз. Эми бул каттамдын ачылганына өтө сүйүнүп отурам. Биз илгери Кызыл-Кыя аэропортунан Ысык-Көлгө учуп барчу элек. Эми жок дегенде Оштон учуп жатканына да ыраазыбыз.

Социалдык тармактарда Ош-Тамчы аба каттамынын билет баасы кымбат деген нааразылыктар айтылган. Ысык-Көлгө эс алууга бараткан жүргүнчүлөрдөн билет баасы тууралуу сураганыбызда, айрымдары 2500 сомдон, айрымдары 4500 сомдон алганын айтышты.

Ош-Тамчы аба каттамын "Тез Жэт" аба компаниясы жүргүзүүдө. Компаниянын өкүлү Чыңгыз Бектургановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, билеттин баасы 2 миң сомдон 4200 сомго чейин болууда:

«Билеттин баасы ар кандай. Анткени баарын арзан кыла албайбыз. Чыгашаны жаба албай калабыз. Учактагы орундар жарымдаганча билеттер 2000-2500 сомдон сатылат, андан кийин кымбаттай берет. Бүгүнкү каттамга 92 билет түрдүү баа менен сатылды».

Бирок бул баа эс алууга көп адам болуп барган учурда үй-бүлөлүк бюджетке чоң эле чыгаша алып келерин айткандар да бар. Жергиликтүү эксперт Эрмек Абылкасымов билет баасын аныктоодо мына ушул жагдай да эске алынышы керек болчу дейт:

«Алыс жолду жакын кылган учак каттамы ачылганы өтө жакшы болду. Бирок баарыбыз эле билебиз, Ысык-Көлгө эс алууга адамдар ата-энеси, бала-чакасы менен баргысы келет. Мисалы, чоң ата, чоң эне, уул-келини жана дагы бир-эки кишиден турган үй-бүлө эс алууга барышы үчүн жолго эле 20-30 миң сом кетет. Ал жакта эс алуу үчүн да акча керек да. Ошондуктан мен бул бааны кымбат деп айтат элем».

Ош-Тамчы аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда, июнь-сентябрь айларында каттайт. Буга чейин бул каттам аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн так саны тууралуу маалымат жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG