Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Депутат Жунус уулу коронавирустун кооптуу экенин түшүндүрүүнү сунуш кылды


Бишкек шаары. 25-май, 2020-жыл.
Бишкек шаары. 25-май, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынын кооптуулугу жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек. Бул тууралуу парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын 5-июндагы жыйынында депутат Адыл Жунус уулу билдирди.

Депутат Кыргызстан Борбор Азияда оорунун жайылышы боюнча Тажикстандан кийинки экинчи орунга чыкканын эске салып, муну эреженин сакталбаганы менен байланыштырды:

«Кичинекей мамлекет болгонубуз менен коронавирус жугузуп алгандардын саны эки миңге жетип калды. Бизде тартип жок. Катуу тартип болгондо гана вирусту жеңе алабыз. Жайында ушундай болуп атат. Дагы ушул абал кайталана берсе, күз-кыш бою үйдө отурууга туура келет. Февралдын башында Кытайга барганда, ал жакта тартипти кандай сакташарын көрдүк. Бизде автобус-троллейбустарда элдин жарымы беткапчан жүрөт. Дүкөндөргө барганда беткап тагынышпайт. «Базарда эмнеге беткап тагынбайсыңар?» - деп сурасаң кайра күлүшөт».

Жалпысынан 18-марттан 5-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1936 адамдан табылды, алардын ичинен 22 бейтап кайтыш болду, 1340 адам айыгып кетти.

COVID-19 пандемиясына каршы күрөш боюнча республикалык штаб жарандарды оорунун белгилери байкалган учурда өзүн-өзү дарылабастан, медициналык мекемелерге, 112 (ӨКМ) жана 118 (Бишкек) Call-борборуна кайрылууга чакырат. (NT)

XS
SM
MD
LG