Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Өкмөт өкүлү: үй карантинин сактабагандар Ысык-Көлгө киргизилбейт


Ысык-Көл. 2019-жыл.
Ысык-Көл. 2019-жыл.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев 5-июнда туристтик сезон тууралуу маалымат берип жатып үй карантин эрежесин бузгандар аймакка киргизилбей турганын билдирди:

«Үй карантин эрежесин сактабагандарды эскертип койгум келет. Алар 14 күндүк карантин бүткөндөн кийин гана Ысык-Көлгө кире алышат».

Осмоналиевдин айтымында, буга чейин карантинди бузган эки киши посттон өткөрүлгөн эмес. Алардын бири Вьетнамдан келип, 14 күн бою Бишкекте үйдөн чыкпай жатышы керек болчу.

Осмоналиев жүргүнчү ташыгандар да дайын-дарегин калтырып, кайда барары тууралуу каттоодон өтүүгө тийиш экенин белгиледи.

«Ушу тушта облустун аймагына кире бериште «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик посту иштеп, медицина кызматкерлери келгендердин дене табын өлчөп жатат»,- деди ал.

Осмоналиевдин маалыматына караганда, Ысык-Көлгө туристтик агым 20-июндан тарта көбөйөт. Эс алуу жайлары туристтерди кабыл алууга даярданып жатышат. Облус жетекчилиги быйыл аймактагы 492 субъектиге иштөөгө уруксат берген.

Пандемияга байланыштуу убактылуу жабылган туристтик жайлар 1-июндан кайрадан ишке киргени мурда кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG