Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Ички авиа каттамдагы жүргүнчүлөр аэропорттон тыкыр текшерилет


6-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» аэропортунун ички аба каттамдарды жандандырууга даярдыгын көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Аэропорт кызматкерлери жүргүнчүлөрдү текшерүү тартиби тууралуу айтып беришти. Ага ылайык, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун имаратына билети бар жүргүнчүлөр, майыптарды коштогондор гана киргизилет. Узатуучу жана тосуп алгандар үчүн өзүнчө орун даярдалган.

Аэробекеттерге кирүүдө бардык жүргүнчүлөр жана жүк милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннелден, термометрдик көзөмөлдөн өтөт жана адамдардын дене табын тепловизордук камералар текшерет. Сөзсүз түрдө беткап тагынып, аралыкты сактоо зарыл. Учуп келгенде дагы ушундай эрежелер болот.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жүргүнчүлөрдү текшерүүдө бардык талаптар аткарылышы керек экенин белгилеп, билет баасы боюнча дагы маселе көтөрдү.

“Билет баасынын жогору экени тууралуу жарандардын кайрылуулары түшүүдө. Тармактык органдар бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салышы керек”, - деди Боронов.

4-июнда Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев өкмөттүн чечимине ылайык, 5-июндан тарта ички каттамдар кайрадан жандандырыларын билдирген. Ал «Тез Жет» авиакомпаниясы 7-8-июндан баштап каттамдарын ишке киргизерин айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG