Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Нарында жол буугандарга кылмыш иши козголду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Нарын районунда жайлоого көчкөндөргө тоскоол болуп, жол буугандарга кылмыш иши козголгону тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кырк-Боз үй аймагында 150дөй киши жайлоого бара турган жолду бууган.

"Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбейбиз" деп чогулгандарга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жолукту. Бирок топтолгондор тарабай турат.

Кум-Бел жайлоосу негизинен Нарын районунун Жерге-Тал айылына карайт. Бирок өкмөттүн токтому менен 2030-жылга чейин Кочкор району узак мөөнөткө пайдаланууга алган.

Окуя Жазык кодексинин 265-беренесине (“Жолдорду мыйзамсыз тосуу”) ылайык Нарын райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иши башталды. (MiK)

XS
SM
MD
LG