Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Асангариев: Жарандык коому жок мамлекет өнүкпөйт  


5-июнда «Жарандык платформа» уюму өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча онлайн талкуу өткөрдү.

Ага долбоордун демилгечи депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Талкууда ишкер Мирбек Асангариев бул мыйзам долбоору өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болорун белгилеп, депутаттардан демилгени чакыртып алууну сунуштады.

“Депутаттар туура эмес демилге көтөрүп жатат. Өз жарандарын бөлүп, “силер башка пропаганда кылып жатат окшойсуңар” деп шек санап жатат. Бул туура эмес. Жарандык коому жок мамлекет өнүкпөйт. Эртең эле ушул депутаттар оппозиция болуп, куугунтуктала баштаганда ушул эле бейөкмөт уюмдарга барасыңар. Силердин укугуңарды укук коргоочулар коргойт. Муну тарыхтан бир нече жолу көрдүк. Мындан башка депутаттар чече турган көйгөй жокпу? Демилгечи депутат айтып жатат “элдин өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө пикири начар экен” деп. Элден сурап көрбөйсүңөрбү “депутаттар жөнүндө пикириңер кандай?” деп. Анын жыйынтыгы менен башка кадамдарга баралыбы?".

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Анда коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Мамлекеттик салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт берип турарын билдиришүүдө. Бир катар укук коргоочулар мыйзам долбоору дискриминацияга жол ачат деген жүйө менен аны артка чакыртып алууга депутаттарды үндөп жатат. Ошол эле учурда социалдык тармактарда бул мыйзамды жактагандар да бар.

Өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкуу Бишкекте 22-майда өткөн. Бир катар укук коргоочулар талкууга катыша албай, парламент имаратынын сыртында акция өткөрүшкөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG