Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Кыргыз өкмөтү чек арадагы тыгынга байланыштуу билдирүү таратты


Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде топтолгон жүк ташуучу машинелер. 7-январь, 2020-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде топтолгон жүк ташуучу машинелер. 7-январь, 2020-жыл.

Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, «Актилек-автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын Кыргызстан тарабында 8 чакырымга чейин тыгын пайда болуп, 500дөн ашуун жүк ташуучу автоунаалар өтө албай турган.

Мунун себебин кыргыз өкмөтү Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин текшерүү иш-чараларынын күчөтүлгөнүнөн улам деп түшүндүрдү. Айдоочулар чек арада 3-4 күндөн бери турганын айтышкан.

3-июнда «Актилек-автожол» (Кыргызстан) жана «Карасу» (Казакстан) көзөмөл-өткөрмө жайларында кыргыз жана казак тараптын делегацияларынын жыйыны өттү. Анда эки тарап "Актилек-автожол" жана «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнүн санын, убактысын эсептешкен. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, бул эсептөөдө казак тараптын өткөрмө жайынан автоунаалардын өтүшү кыргыз өткөрмө бекетине салыштырмалуу көп убакытты алган. Тактап айтканда, үч саат ичинде Казакстандан Кыргызстанга 61 автоунаа, Кыргызстандан Казакстанга 21 машине кирген.

“Белгилей кетчү нерсе, кеңешме учурунда казак тарап автоунаалардын топтолушуна казак тарап күнөөлүү экенин мойнуна алды жана өлкөнүн борбордук бийлигине болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу маалымдоого ишендиришти. Эсептөөнүн жыйынтыктары казак тараптын буга чейин жетишилген макулдашууларды жана ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун жоболорун бузганын күбөлөндүрүп турат”, - деп билдирди кыргыз өкмөтү.

Кыргыз өкмөтү кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы 24-январдан бери жабык экенин белгилеп, казак тараптын Кытайдан товарлардын көмүскө реэкспортуна тийиштүү кооптонуусуна негиз жок экенин билдирген. Кыргызстан Казакстанды чек арада тоскоолдук жаратпоого чакырды. (TSh)

Чек арадагы айдоочулар: кезек күткөндөн тажадык
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00

XS
SM
MD
LG