Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жана Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык, 8-июндан тартып мечиттер жана намазканалар санитардык чараларды сактоо шарты менен иштей баштайт.
Саламаттык сактоо министрлиги мечитке келген адамдардан төмөнкү эрежелерди так аткарууну талап кылат:
- Беш убак намазга жана жумага келген адамдар беткап тагынышы керек;
- Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды коюп, адамдардын дене табы текшерилип турушу керек;
- Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл;
- Адамдардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
- Даарат алчу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
Ал эми министрлик буларды сунуш кылат:
- Балдар, карылар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан адамдар мечитке келбей турушу керек;
- Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү сунушталат;
- Мечитке келген адамдар убакытты текке кетирбестен, 15-20 мүнөттүн ичинде чыгып кетүү сунушталат;
- Жамаат намаздарын ачык асман алдында, мечиттин короосунда өткөрүү сунуш кылынат;
- Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келиши керек.
18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, бардык мекеме-ишканалар менен катар мечиттер да убактылуу жабылган. (TSh)