Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы шаардагы кабат үйлөрдүн биринин күзөтчүлөр отурган күркөсүн машинеси менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармады. Ага Жазык кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милициянын маалыматына ылайык, 6-июнда саат 17:30 чамасында 102 кызматына мас абалындагы айдоочу күркөнү сүзүп, күзөтчүгө кол салганы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция айдоочуну кууп отуруп, Чүйдүн Кемин районунда кармаган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (TSh)