6-июндан 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22 ;
Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.
Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 24…26 градус болот.