Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:12

Көз карандысыз журналисттер союзу: "3-каналга" кол салгандар жазалансын


"3-каналдын" өрттөлгөн кеңсеси. Талас шаары. 7-июнь, 2020-жыл.
"3-каналдын" өрттөлгөн кеңсеси. Талас шаары. 7-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстандагы көз карандысыз журналисттер союзу Ички иштер министрлигинен Талас шаарында "3-каналдын" редакциясын өрттөп, материалдык чыгым келтирген адамдарды таап, жазалоону талап кылды. Уюмдун мындай талабын анын жетекчиси Азамат Касыбеков “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

7-июнда Талас шаарындагы “3-канал” деп аталган телеканалдын кеңсесине белгисиз бирөөлөр өрт коюп кетишкен. Бардык техникалары күйүп кеткен.

Телеканалдын жетекчилиги муну атайын жасалган иш деп шек саноодо.

Медиөкүлчүлүк бул көрүнүштү көз карандысыз маалымат каражаттарына басым катары баалап жатат.

ИИМ бул окуяга комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG