Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Жордж Флойддун сөөгү Хьюстондо коюлат


Нью-Йорктогу расизмге каршы демонстрация. 2-июнь, 2020-жыл.
Нью-Йорктогу расизмге каршы демонстрация. 2-июнь, 2020-жыл.

8-июнда Техас штатынын Хьюстон шаарында полиция участогунда набыт болгон афроамерикалык Жорж Флойдду эскерүү болот. 7-июнда полиция башчысы Арт Асеведо журналисттерге Флойддун сөөгү Хьюстонго жеткирилгенин маалымдады. Анын айтуусунда, сөөк 9-июнда Хьюстондун четиндеги Пирленда аймагында жерге берилет.

Мурдагы вице-президент, учурда демократтардан президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Жо Байден Флойддун ата-энеси менен жолугуу үчүн Хьюстонго барары белгилүү болду. Ошондой эле 8-июнда Флойддун өлүмүнө себепкер болгону айтылып жаткан полициянын офицери Дерек Шовиндин соту Миннеаполис шаарында болот.

46 жаштагы ынды кара Жорж Флойд 25-май күнү полиция кармагандан көп өтпөй каза болгон. Флойддун өлүмүнөн кийин АКШда расизмге каршы бир нече күнгө созулган демонстрациялар болуп өттү. Нааразылык акциялары айрым шаарларда башаламандыкка айланып, унаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Бийлик кырктан ашуун шаарга коменданттык саат киргизген.

XS
SM
MD
LG