Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Бишкекте айрым бала бакчалар азырынча иштебейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда №4, №5, №71, №92, №104, №117, №122 жана №185 бала бакчалар ишин жандандырган жок. Учурда анда жайкы оңдоо иштери жүрүүдө.

Калган бала бакчалардын кызматкерлери COVID-19 вирусуна текшерилип, имараттары дезинфекцияланды.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.

Кечээ бала бакчанын үч кызматкеринен коронавирус табылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шаартында Кыргызстанда бала бакчалардын иши 23-марттан тартып карантинге жабылган. Өкмөт бала бакчалардын иши 5-июндан тарта жанданарын кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG