Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки аялдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрот.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-июнда кабарлагандай, кырсык 7-июнда таңга жуук Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) болгон.

“Хонда Степ” машинасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.

Натыйжада 39 жана 48 жаштагы эки аял каза болуп, үч жүргүнчү жараат алды.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн машинадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жараат алгандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

2019-жылы, расмий статистикага караганда, Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгондордун саны ага чейинки жылга салыштырганда 9 процентке көбөйгөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG