8-июнда Кытайдан жүк ташыган айдоочулар өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына нааразылык билдирип чыгышты. "Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда, 50дөй киши бажы бекетинен оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүдө бирдей мамиле кылууну талап кылып турушат. Алар «Эркечтам» бажы бекетинен «Абу-Сахий» аттуу кытай компаниясына таандык жүк гана өтүп жатканын айтышууда. Буга чейин бир нече жолу жергиликтүү бийликке кайрылышканын, бирок маселе чечилбегенин да айтышты.
Нааразы тарапты облустук бийликтин өкүлдөрү кабыл алып, маселе каралат деп жооп беришкен.
Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар 5-июнда да «бажы бекетинде бардык айдоочуларга бирдей мамиле болбой жатат» деп нааразылык билдиришкен.
«Абу-Сахий» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Нурбек Керимбеков кыргызстандык айдоочулар коюп жаткан маселе негизсиз экенин, башка ишкерлердин да автоунаалары Кытайга кирип-чыгып жатканын маалымдаган.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» менен «Торугарт» чек ара бекеттери ушул жылдын январь айында жабылган.
Дээрлик үч ай жабык турган «Эркечтам» бекети Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин кайра улантып, бир күндө он оор жүк ташуучу автоунаанын кирип чыгышына уруксат берилген. Бара-бара Кытайга кирген фуралар көбөйүп, ушул тапта күнүгө «Эркечтам» аркылуу Кытайга кирип чыккан автоунаалар 30га жетти. (DU/NT)