Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

9-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

9-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 23…25 градус болот.

XS
SM
MD
LG