Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Бишкек-Кара-Балта жолу: курулуш пандемиядан улам кечеңдегени айтылды


Кыргызстандагы жол курулуштарынын бири.
Кыргызстандагы жол курулуштарынын бири.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү 8-июнда үч жылдан бери бүтпөй жаткан Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышты.

Көчмө жыйында комитет төрагасынын орун басары, депутат Тынчтыкбек Конушбаев карантин маалында жол курулушун арбытып алса болмок деген сын айтты.

"Илдетке байланыштуу киргизилген карантиндик режимден пайдаланыш керек болчу. Автоунаа каттамдары азайган маалда жергиликтүү адистер жана жумушчулар тарабынан жасалуучу иштерди улантса, көп иш бүтмөк. Айрыкча жолдун четтеринде коопсуздук чаралары камсыздалбагандыктан, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралууда".

Жыйында Транспорт жана жолдор министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу Кытайдан келчү тиешелүү адистердин жоктугунан долбоордун мөөнөтү кечигип жатканын ырастады.

Министр Жанат Бейшенов 26-майда тармактык комитеттин отурумунда кечигүүнүн жүйөлүү себептери бар экенин айтып, жол курулушу быйыл бүткөрүлөрүн билдирген.

2017-жылы башталган Бишкек - Кара-Балта жолун кытайлык «China Railway» компаниясы куруп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG