Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Талас: "3-каналдын" кеңсесиндеги окуя боюнча сотко чейинки териштирүү башталды


7-июнь, 2020-жыл.
7-июнь, 2020-жыл.

Талас шаарындагы «3-канал» деп аталган телеканалдын кеңсесиндеги өрткө байланыштуу сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бөтөн мүлктү өрттөө жолу менен жок кылуу же бузуу) негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, учурда кылмыштын бетин ачуу максатында текшерүү жана иликтөө иштери жүрүүдө:

"7-июнда таңкы саат 6:55те Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө чакыруу түшкөн. Анда Талас шаарынын Огонбаев көчөсүндө жайгашкан «3-канал» телеканалында өрт чыккандыгын Адилет аттуу кызматкери билдирген. Окуя болгон жерге тергөө-оперативдик тобу чыгып, кароо жана текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда аталган телеканалдын айнегин сындырып, белгисиз бирөөлөр бөтөлкөгө күйүүчү зат куюп өрттөгөндүгү аныкталган".

«3-канал» Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат. Анын жетекчиси Жаннат Токтосунова кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техника күйүп кеткенин «Азаттыкка» билдирген.

«Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Ууру болсо уурдап кетмек, тоноо болсо башкача болмок. Өрттөгүсү келсе жөн эле өрттөп кетмек. Бул жерде жардырууга аракет кылышкан, - деди Токтосунова, - Мен муну журналисттерди коркутуу аракети катары баалап жатам. Буга чейин деле каналды жабуу аракети болгон, бирок биз сактап калганбыз. Эгерде кеңсе жарылып кеткенде "коопсуздук чараларын көргөн эмессиңер" деген шылтоо менен ишти жаап салмак».

Токтосунованын билдиришинче, эфирди камсыз кылган техника толугу менен күйүп кетти. Телеканал болжол менен 10-15 миң долларлык чыгымга учурады. (RK)

XS
SM
MD
LG