Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Таласта «3-каналдын» кеңсеси өрттөлдү


7-июнь, 2020-жыл.
7-июнь, 2020-жыл.

7-июнда белгисиз адамдар Талас шаарындагы «3-канал» деп аталган телеканалдын кеңсесине өрт коюп кетишкен.

Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

«3-канал» деп аталган жеке менчик канал Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат.

Кеңсенин ичинен табылган бөтөлкө.
Кеңсенин ичинен табылган бөтөлкө.


Телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техникалар күйүп кеткенин «Азаттыкка» билдирди.

«Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Ууру болсо уурдап кетмек, тоноо болсо башкача болмок. Өрттөгүсү келсе жөн эле өрттөп кетмек. Бул жерде жардырууга аракет кылышкан, - деди Токтосунова. - Мен муну журналисттерди коркутуу аракети катары баалап жатам. Буга чейин деле каналды жабуу аракети болгон, бирок биз сактап калганбыз. Эгерде кеңсе жарылып кеткенде "коопсуздук чараларын көргөн эмессиңер" деген шылтоо менен ишти жаап салмак».

Токтосунованын билдиришинче, телеканалдын эфирди камсыз кылган техникасы толугу менен өрттөнүп кетти. Телеканал болжол менен жалпы суммасы 10-15 миң долларлык чыгымга учурады.

Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Динара Сарногоева "Азаттыкка" буларды билдирди:

«Талас шаарында жайгашкан "3-каналдын" кызматкерлеринен бүгүн таңкы саат 6:55 чамасында өрт кырсыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жана Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө жана териштирүү иштери жүрүп жатат. Текшерүү учурунда аталган каналдын терезесин сындырып, күйүүчү зат куюлган бөтөлкөнү ыргытышканда өрт чыкканы аныкталды».

Медиа эксперт Азамат Тынаев Таластагы окуяны укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек деп эсептейт:

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

«Бул - кокустук эмес, атайын чабуул, чагым. Бул - коркутуу. Кыргызстан - сөз эркиндигинин өлкөсү. Бирок көп жылдардан бери мамлекеттин көз карандысыз редакцияларга жасаган кысымына күбө болуп келатабыз, - деди Азамат Тынаев. - 2010-жылы марттын аягында "Стан.kg" каналына ачыктан-ачык рейд жасалган. Апрель революциясынан кийин "24.kg" сайтына да ушундай эле кысым болгон. Бизде курч материалдарды жасаган, сынды таамай айткан көз карандысыз маалымат каражаттары көп. Ушундай окуяга эркин медиа каражаттарынын ар бири туш болуп калышы мүмкүн. Андыктан бул окуяны укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек».

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюмдун жетекчиси, активист Адил Турдукулов да бул окуяны эркин медиага карата кысым катары баалады:

«Буга чейин да журналисттерди, жарандык активисттерди тоноп, сабап кеткен учурлар көп эле катталган. Бирок Ички иштер министрлиги, укук коргоо органдары аларды кадыресе иш катары көрсөтүүгө аракет жасаган. Менимче, бул окуяны да мамлекеттик медиа каражаттары ошондой өңүттө чагылдырышат. Негизи шайлоо өткөн жылы саясий чыңалуу өзгөчө күч алат. Көз карандысыз жана жергиликтүү медиа каражаттарына басым өзгөчө катуу болот. «3-каналга» байланыштуу окуяны Талас облусунда оппозицияга, көз карандысыз медиага карата кысымдын белгиси катары кабыл алдым».

«3-канал» Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG