Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Медиа коомчулук Таласта телеканалдын өрттөлүшүн акыйкат иликтөөгө чакырды


7-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстандагы медиа коомчулук өлкө жетекчилигине, Ички иштер министрлигине кайрылып, Талас шаарындагы «3-каналдын» кеңсесиндеги өрттү ыкчам, калыс иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну көзмөлгө алууга чакырды.

Медиа коомчулук «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндөгү" мыйзамда журналисттерге карата коркутуп-үркүтүү, зомбулукка тыюу салынарын эскертти.

Кайрылуу Кыргызстандагы радио жана телеканалдардын, маалымат сайттарынын, медиа тармагындагы коомдук фонддордун жана журналисттердин атынан жарыяланды.

7-июнда Талас шаарында кеңсесине өрт коюлган «3-каналдын» техникалары иштебей калып, телеканал эфирге чыкпай турат. Милиция азырынча шектүүлөрдү кармай элек.

Өрткө байланыштуу сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бөтөн мүлктү өрттөө жолу менен жок кылуу же бузуу) негизинде жүрүп жатканын Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бул - Кыргызстанда жыл башынан бери жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңсесине болгон экинчи чабуул. Март айында «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын да кеңсеси каракталган. Ушул күнгө чейин ал иштин бети ачыла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG