Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Ошто жарандык коомдун өкүлдөрү президент менен жолугушууну талап кылышты


Акциядан бир көрүнүш. 8-июнь, 2020-жыл.
Акциядан бир көрүнүш. 8-июнь, 2020-жыл.

8-июнда Ош шаарындагы жарандык коомдун бир нече өкүлү президент Сооронбай Жээнбеков Ошко келгенде кабыл алуусун талап кылып акция өткөрүштү. Алар облустук администрациянын алдында президенттин сүрөтүн кармап турушту.

«"Президент Ошко келет" деп укканбыз. Ошондон бери кайрылып келатабыз. Биз менен жолугушуп, Оштогу социалдык көйгөйлөрдү угуп коюшун суранабыз. 10 жыл ичинде тынчтыкты сактоодо коомдук уюмдардын салымы чоң. Мындан ары да тынчтыкты бекем сактоого байланышкан сунуштарыбыз бар. Ошолор тууралуу айтып берели дегенбиз», - деди Гүлгаакы Мамасалиева.

Акциянын аягында катышуучулар кайрылуусун өкмөттүн Оштогу өкүлүнө жана президенттин Оштогу коомдук кабылдамасына тапшырышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ошко июнь окуясынын 10 жылдыгына карата иш сапары менен келет деп күтүлүүдө. (DU)

XS
SM
MD
LG