Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Түштүк Корея Түндүк Корея менен байланыш жоктугун маалымдады


Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пханмунжом декларациясы менен. 2018-жыл.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пханмунжом декларациясы менен. 2018-жыл.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги жана эки Кореянын биргелешкен иштери боюнча министрлик 9-июнь таңдан бери Түндүк Корея тараптан жооп болбой жатканын кабарлашты. Мурда Сеул менен Пхеньян күн сайын эки ирет байланышчу. Акыркы байланыш дүйшөмбү күнү болгон.

Түндүк Корея өткөн аптада чектеш аймактарга үгүт баракчаларын чачты деп Түштүк Кореяны айыптаган. Пхеньян Сеулдан муну токтотууну талап кылып, бардык байланыштарды үзөрүн эскерткен.

Эки Кореянын көптөн бери токтоп калган байланышы 2018-жылы 27-апрелде Пханмунжом тынчтык декларациясы кабыл алынгандан кийин жанданган. Анда тараптар гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, Корей жарым аралын денуклеризациялоону макулдашкан.

XS
SM
MD
LG