Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Кыргызстан чек арадагы тоскоолдук алынбаса ЕАЭКтеги эки министрин чакыртып алышы мүмкүн (видео)


Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

Эгер Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) 9-июндагы жыйынында чек арадагы тоскоолдуктар маселеси чечилбесе Кыргызстан бул комиссиядагы министрлерин чакыртып алышы ыктымал. Бул тууралуу 9-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, эгер кыргыз тарап мындай кадамга барса комиссиянын чечим кабыл алуу форматы куралбай калат.

Комитеттин жыйынында кыргыз-казак чек арасында жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучулар казак тарапка өтө албай, кезекте турганы айтылды.

Депутат Анвар Артыковдун “Бизден барган министрлердин жасаган ишин, чечим кабыл алганын же Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогонун көрө элекпиз. Ошолор чечет дегенге ишенесиңерби? Коргобосо алардын эмне кереги бар?” деген суроосуна министр Санжар Муканбетов:

“Бүгүнкү жолугушууда маселе чечилет деп ишенебиз. Жыйынга ЕАЭКтеги биздин өкүл министрлер катышат. Алар ЕАЭКтин министри болуп эсептелет. Бирок патриотизм сезими менен биздин кызыкчылыктарды колдош керек деп ойлойм” деп жооп берди.

Комитет төрагасы Исхак Пирматов “Эч кандай чечим кабыл алынбаса, кандай рычагдар бар?” деген суроо узатты.

Министр Муканбетов “Биз министрлерди кайра чакыртсак болот. Ошондо ЕАЭКтин чечим кабыл алуучу форматы куралбай калат. Эң акыркы механизм ошол. Биз бүт регламент менен келе жатабыз. Коллегиядан көтөрүлүп жатат маселе, эгер чечилсе, биздин продукция чек арадан эртерээк өтүп калат. Эгер болбосо, ошол механизмди колдонуш керек” деп жооп берди.

Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) караштуу ЕАЭК тогуз мүчөдөн турат. Алардын ар бири министр макамына ээ. Комиссиянын кеңсеси Москвада жайгашкан.

Тогуз министрдин экөө - кыргызстандыктар.Тышкы иштер министринин мурунку статс-катчысы Эмил Кайкиев комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри, мурунку экономика министри Олег Панкратов бажы кызматташтыгы боюнча министр.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия кирет. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын алуу максатында уюшулган. Кыргыз тарап иш жүзүндө кыйынчылыктар көп экенин айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG