Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Штаб: Бала бакчалардын алты кызматкеринен вирус табылды, анализ бекер жасалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бала бакча кызматкерлеринин коронавируска анализи бекер жасалып жатат. Бул тууралуу 9-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки мекемелердин иштөөсүнө уруксат берүү тууралуу буйрук чыгарган жана анда бала бакча кызматкерлери жумушка чыгар алдында ПЧР анализ тапшыруусу керектиги жазылган.

Штаб белгилегендей, “бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика менчик формасына карабастан баарына акысыз жүргүзүлөт”.

9-июнга карата Бишкек шаарындагы бала бакчалардын алты кызматкеринен коронавирус табылды.

Азыркы учурда бакчаларды ачууга даярдык иштери уланууда. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору текшерүү жүргүзүп, тийиштүү эскертүүлөрүн берүүдө.

Санитардык нормаларга (санитайзер орнотуу, дезинфекциялык шалча төшөө, термометрия ж.б.) жооп берген мекемелерге Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык ачылып, иштөөгө уруксат берилет.

Кыргызстанда миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны - жеке менчик. Бала бакчаларда жалпысынан 152 миң бала тарбияланат.

Вирустун жайылышын алдын алуу максатында көпчүлүк аймактарда азыр өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Бала бакчалар март айында убактылуу жабылган. Өкмөт алардын иштөөсүнө 5-июндан тартып уруксат берилерин жарыялаган.

Кыргызстандын Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы 25-майда жеке менчик бала бакчалардын иштешине уруксат берүүнү талап кылган кайрылуу тараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG