Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

Музей жана ипподром иши: Сот Исаковду 18 жылга кести, Карыбаевага айыппул салды


Бишкектеги Улуттук тарых музейи. Апрель, 2019-жыл.
Бишкектеги Улуттук тарых музейи. Апрель, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү ишти караган судья Марат Сыдыков окуду.

Ага ылайык, Сапар Исаков Кылмыш кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен күнөөлүү деп табылды. Исаков бул иштерден мамлекетке келтирилген 247 миллион 650 миң 281 сомду да төлөп бериши керек.

Соттун чечими менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева 320-берененин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынды.

4-июндагы отурумда прокуратура Сапар Исаковду Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн кошкондо баш-аягы 20 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айыппул салууну өтүнгөн. Ал эми Мира Карыбаевага коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөндүктөн, ага 260 миң сом айыппул салууну сураган.

Сапар Исаковдун, Мира Карыбаеванын адвокаттары Биринчи май райондук соту 9-июнда чыгарган өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышаарын билдиришти.

Биринчи май райондук сотунун отурумуна Мира Карыбаева катышты, Сапар Исаков катышкан жок. Ал өзүнө карата козголгон кылмыш иштердин бардыгын саясий буюртма деп эсептеп, сотко катышуудан мурда эле баш тарткан.

Мурдагы премьер министр Исаков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири. (NT/GT)

XS
SM
MD
LG