Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип жаткан келиндин доо арызы каралат


Иллюстрациялык сүрөт.

Күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип жаткан Гүлназ Пасаңованын иши боюнча соттук териштирүү бүгүн, 10-июнда Ош облустук сотунда болот. Бул тууралуу анын адвокаты Мухайё Абдураупова “Азаттыкка” билдирди. Адвокаттын айтуусунда, мурдагы сотто айыпталып жаткан келиндин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнү, өзүн коргоо аракети кокусунан өлүмгө жеткиргени тууралуу факт эске алынган эмес.

“Күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалган учурда Гүлназ соттук-медициналык экспертизадан өткөн. Анын денесинде көгала тактар менен кошо түрдүү тырыктар бар экени тастыкталган. Гүлназ өзү да күйөөсү менен жашаган жети жыл аралыгында күйөөсүнүн зомбулугун көрүп жүргөнүн айткан. Бирок тергөө да, шаардык сот да бул фактыны эске алган жок”, деди адвокат.

Ош шаардык соту 2-июнда Пасаңованы күйөөсүнүн өлүмүнө айыптап, энелик укугунан ажыратуу менен 9 жылга кескен. Анын жашы жете элек эки баласы күйөөсүнүн туугандарына берилери кабарланган.

Күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип жаткан Гүлназ Пасаңованын ишин адилет карап, кылмышка барууга түрткү болгон жагдайларды эске алуусун өтүнүп, эл аралык “Адилеттүүлүк үчүн” Клуни фонду Ош облустук сотуна кайрылган.

29 жаштагы Гүлназ өткөн жылы октябрда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалган. Келин шаардык сотто күйөөсүнүн зомбулугунан коргонуу үчүн аны союл менен чаап жибергенин, өлүп калат деп күтпөгөнүн, өзү “Тез жардам” чакырганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG