Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Ошто июнь коогасынын жабырлануучуларына материалдык жардам берилди


Июнь коогасында жабыркагандар үчүн курулган үй. 1-август. 2012-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

2010-жылкы июнь коогалаңында курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындарына, жаракат алгандарга, жабырлануучуларга, жалпы беш уюмга акчалай жана материалдык жардам берилди. Бул маалымат менен Ош шаар мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров “Азаттыкка” бөлүштү:

“Беш коомдук бирикме бар, ошолорго мэриянын атынан 50 миң сом берилди”.

Ушундай эле материалдык жардамды облустук бийлик да бергенин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Жалал-Абад облусунда жана шаарда июнь коогасынын он жылдыгына карата иш-чаралар 12-июнда өтөт.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. Окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.(ZKo/DU)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG