Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

АКШда Акүйдүн айланасындагы тосмолор бүгүн алынат


Акүйдү көздөй бараткан демонстранттар. 6-июнь, 2020-жыл.
Акүйдү көздөй бараткан демонстранттар. 6-июнь, 2020-жыл.

Нааразылык акциялары учурунда Акүйдүн алдына жана түштүк тарабына коюлган убактылуу тосмолор 10-июнда толугу менен алынарын АКШнын Улуттук парк кызматы маалымдады.

"Жашыруун кызмат Парк полициясы менен Лафайет сквердин айланасындагы тосмо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", деп кошумчалады ал.

"Вашингтон пост" Лафайет-сквердин айланасындагы тосмолор да алынарын жазган.

46 жаштагы афроамерикалык жарандын полиция кармагандан кийинки өлүмүнөн тутанган нааразылык 26-майдан тарта ондогон шаарларда расалык теңсиздикке каршы демонстрацияларга алып келген. Айрым жерлерде акциялар башаламандыкка айланып, машинелер өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон.

Вашингтондо 29-май күнү башталган нааразылык акциясы бир нече күнгө созулуп, Акүйдүн жанындагы башаламандыкка айланган. Полиция демонстранттарды жаш агызчу газ жана желим октор менен кууп тараткан.

XS
SM
MD
LG