Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Июнь коогалаңынын он жылдыгы эскерилүүдө


2010-жылдын июнь окуясында курман болгондорго эстелик. Ош шаары.
2010-жылдын июнь окуясында курман болгондорго эстелик. Ош шаары.

Бүгүн, 10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Ош шаарына барып, коогада набыт болгондорду эскерүү иш-чараларына катышууда. Мамлекет башчынын катышуусундагы эскерүү иш-чарасы Ош шаарында “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде өтөрү пландалган.

Президенттин басма сөз кызматы эскерүү иш-чаралары чакан чөйрөдө өтөрүн белгилеп, муну өлкөдөгү пандемияга байланышкан эпидемиологиялык кырдаал менен негиздеди.

8-июнда Оштогу жарандык активисттер президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун талап кылып, облустук администрациянын алдында акция өткөрүшкөн. «Биз менен жолугушуп, Оштогу социалдык көйгөйлөрдү угуп коюшун суранабыз. 10 жыл ичинде тынчтыкты сактоодо коомдук уюмдардын салымы чоң. Мындан ары да тынчтыкты бекем сактоого байланышкан сунуштарыбыз бар" деген акцияга чыккан активисттердин бири Гүлгаакы Мамасалиева.

Июнь коогасынын курмандыктарын эскерүү президенттин Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында болот.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн "Азаттыкка" берген маалыматына караганда 10-11-июнь күндөрү президент Жээнбеков Ош шаарында жана Ош облусунун Араван районунда болуп, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү долбоорлорунан кабар алат. Ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG