Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

“Айтматов ааламы” эскерүү иш-чарасы өтөт


Чыңгыз Айтматов.

“Онлайн университет” платформасы бүгүн, 10-июнда “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасын өткөрөт. Уюштуруучулардын айтымында, залкар жазуучунун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата өткөрүлүп жатат.

Программага белгилүү адабиятчы, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Осмонакун Ибраимов, түркиялык адабиятчы, Түркиядагы Кастамону университетинин профессору, Кыргызстандагы Айтматов академиясынын мүчөсү Орхан Сөйлемез жана Түркиянын Карабүк университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы Түрк дүйнөсүн изилдөө борборунун жетекчиси, доцент Жылдыз Исмаилова катышат. Иш-чараны белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы алып барат.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет.

«Онлайн университет» илим, билим жана маданият багытында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандык окумуштуулардын вебинарларын, онлайн маектерин жогорку окуу жайларынын жана мектептердин мугалимдерине, жалпы эле кыргыз коомчулугуна байма-бай уюштуруп келе жатат. Платформанын курамын Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана чет өлкөдө агартуучулук жаатында иштеп жаткан кыргызстандык окумуштуулар, адистер түзөт. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG