Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Таласта коронавирус жуккан алгачкы бейтап тууралуу маалымат берилди


Талас шаары.
Талас шаары.

Талас шаарында коронавирус жуккан алгачкы адам боюнча эпидемияга каршы териштирүү башталды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, бул инфекцияны медицина тармагында иштеген аял жуктуруп алганы аныкталды, ал азыр Таластагы облустук оорукананын инфекциялык бөлүмүндө жатат:

"Азырынча бизде чакан гана маалымат бар. Жаш курагын жеке маалымат болгондуктан айта албайбыз. Аял киши, медицина кызматкери экен. Жакындары үй карантинине алынды. Илдетти каяктан жуктурганы такталып жатат. Жумушунда чогуу иштегендерден ПЧР анализ алынды. Дезинфекция иштери жүрүүдө".

Жалпысынан 18-марттан 10-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2093 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1572 бейтап айыгып кетти.

Талас облусунда COVID-19 буга чейин каттала элек болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG