Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Бишкекте Жорж Флойдду колдогон акцияга бир адам чыкты


Сүрөт АКИpress сайтыныкы.
Сүрөт АКИpress сайтыныкы.

Бишкектин Горький паркында АКШда афроамерикалык жаран, полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойдду колдогон акцияга бир адам катышты.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, 10-июнда өзүн Денис Реут деп тааныштырган адам колуна “Бийликтин зомбулугунун чеги жок” деген жазууну кармап, парктагы аянтчага чыкты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал өзү да Бишкекте күч органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан учур болгонун, милиция мыйзам чегинен чыкпай иштөөсү керектигин айтты.

Ошол эле жерде ага каршы пикирин билдирген эки адам чыкты. Алар өз акциясын “АКШда ынды караны өлтүрүп кетишсе Бишкекте митинг, Кыргызстанда 13 жаштагы кызды зордуктап кетишсе ноль митинг” деген жазуу менен өткөрүштү.

Май айынын аягында АКШда расалык теңсиздикке каршы нааразылык толкундары өттү. Ага 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойддун полиция кармагандан кийинки өлүмү түрткү болгон. Бир күндөн кийин Флойдду кармоого катышкан төрт полициячы кызматтан бошотулган. Муунтуучу ыкманы колдонгон полиция кызматкер Дерек Шовин камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG