Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Бишкек-Ош-Бишкек авиакаттамы 12-июндан тартып иштей баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.

12-июндан баштап Бишкек-Ош-Бишкек авиакаттамы жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт. "Манас" эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, үзгүлтүксүз ички каттамдарды жергиликтүү "Тез Жет" авиакомпаниясы күнүнө эки жолу аткарып турат:

- Таңкы каттам Бишкектен саат 08:00дө, Оштон саат 09:30да.

- Ал эми күндүзгү каттам Бишкектен саат 15:15те, Оштон 16:45те.

Авиабилеттерди сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр алдын ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуусу керек.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлагандай, аэропорттун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат берилет, аларда коргоочу беткап болушу шарт. Бардык жүргүнчүлөр кире бериштен термометрден жана дезинфекциялык туннелден өткөрүлөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер бар.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу аэропорттор убактылуу жабылып, ички да, эл аралык да авиакаттамдар токтотулган болчу. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG