11-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 22…27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…16, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градус болот.