Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:04

Орусиянын эки каналын ретрансляциялаш үчүн Кыргызстан 50 миллион сом төлөйт (видео)


Орусиянын "1-канал" жана "РТР" телеканалдарын ретрансляциялаш үчүн Кыргызстан жылына 50 миллион сом төлөп жатат. Орус каналдарынын ар бирине жылына 25 миллион сомдон төлөнүп келатканын Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) башкы директору Жайнак Үсөн уулу парламенттин 10-июндагы сессиясында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бекешев ретрансляция үчүн орус каналдарына Кыргызстандын бюджетинен акча төлөнүп жатышын сынга алды.

"Менимче, бул туура эмес. Андан көрө тендер жарыялабайсыңарбы. Башка каналдар ретрансляция үчүн тескерисинче силерге төлөшү керек да".

КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу Кыргызстанда орус каналдарына жарнама бергиси келгендер көп деген жооп кайтарды. Анын айтымында, эки каналды тейлөө милдети КТРКга өтүп жатканда мыйзамдын негизинде түшкөн жарнаманын эсебинен аларды ретрансляциялоого кеткен чыгым төлөнүшү керек деген талап коюлган.

"Бул каналдар абдан популярдуу. Биздин коомдо рейтинги бар. Жарнама берүүчүлөр да ошол каналдарга жайгаштырууга аракеттенишет".

Депутат Дастан Бекешев КТРК жарнамадан жылына 58 миллион сом тапкан учурда, Орусиянын эки каналы боюнча мультиплекс​ үчүн 50 миллиион төлөнүп жатканы акылга сыйбай турганын белгиледи.

Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 8-июндагы жыйынында орус телеканалдарынын берүүлөрүн Кыргызстандын акысыз санарип куржунунда көрсөтүү мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдогон.

27-майдагы жалпы сессияда айрым депутаттар Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна эки телеканалдын​ кирип калганына нааразы болуп, мыйзам долбоорун четке кагууну сунуш кылышкан.

Маселени күн тартибинен алып салуу жөнүндө сунуш өткөн эмес. Долбоор добуш берүүгө жиберилип, жыйынга катышкан 107 депутаттын 53ү «каршы», 54ү «макул» деп добуш берген. Документ биринчи окууда кабыл алынды деп табылган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуш кылган мыйзам долбоору «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат.

Жогорку Кеңеш 10-июндагы сессиясында КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2019-жылдагы иш жөнүндө отчетун угуп жатат. Аны 8-июнда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет караган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG