Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Чыңгыз Жумагуловдун соту болуп жатат


Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сурөт. 11-апрель. 2019-жыл.
Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сурөт. 11-апрель. 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушу тапта кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун иши боюнча кезектеги отурум өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна соттун басма сөз кызматы кабарлады.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүү үчүн шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына отургузулган. Аны менен кошо дагы эки адам кармалганы айтылган.

Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Уюшкан кылмышкерлерди ким ооздуктайт?» деген суроого парламентте жооп берип жатып мындай топтордун мыйзамга каршы иш жасап, бирок эркиндикте жүргөн бир да мүчөсү жок экенин, андайлар ар дайым болуп келгенин жана боло берерин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG